Site icon Reporter.kg

Абылгазиев: Кытай коронавирус менен күрөшүү боюнча жардам беребиз деди

Кытай мамлекети коронавирус менен күрөшүү ыкмалары боюнча Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-минстр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-мартта өрткөн брифингде айтты.

“Кытайда башында күнүгө 1000ге жакын адамдар ооруга чалдыгып жатса, эки күндөн бери 7-8 деген сандарды көрүп атабыз. Демек Кытай мамлекети оору менен күрөшүү үчүн болгон ыкмаларды чыгарды. Алар элчилиги аркылуу биздин өлкөгө жарадам берип, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди”, — деди Абылгазиев.

Exit mobile version