Абылгазиев: Солтон-Сары алтын кенинин тагдырын жергиликтүү эл чечет

Абылгазиев: Солтон-Сары алтын кенинин тагдырын жергиликтүү эл чечет

Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинин тагдыры жергиликтүү эл чечет. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишмердүүлүгү 7-августта убактылуу токтотулган.

Жергиликтүү эл инвесторлорго 84 пункттан турган талап койгон. Эгер компания аларды аткарса анда алтын кендин ишмердүулүгү жанданышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, июль айынын соңунда жергиликтүү тургундар Солтон-Сары кенинде иштеп жаткан кытайлык компания ишин токтотсун деген талаптарды койгон. Ошол себептен компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>