Абылгазиев «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты

Абылгазиев «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга  Орусия 120 млн доллар бөлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевдин айтымында  учурда модернизациялоо иштери аягына чыкканын жана жаңы жабдуулар ишке даяр.

Премьер-министр «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайындагы бажы жана чек ара кызматтарынын иши менен таанышуу учурунда бажы кызматына карата элде күмөн саноо бер экенин белгилеп өттү.

 “Айрым жарандарыбыз бажы кызматынын ишине кандайдыр бир ишенбөөчүлүк менен мамиле кыларын бардыгыбыз билебиз. Алар бажы жыйымдарынын бөлүгү кассадан тышкары кетет деп эсептешет. Биз мындай күмөн саноолорду жоюп, бажы кызматынын ишинин ачыктыгын көрсөтүүгө тийишпиз. Мында бардыгы онлайн режиминде болушу керек”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Бүгүнкү күнү учурдагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда «Эркештам» өткөрмө жайынын ачылышы болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 1996-жылдын 6-сентябрында кол коюлган макулдашуунун алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишинин укуктук негизи түзүлгөн.

  Мында мамлекеттик көзөмөлдүн чек ара, бажы, транспорттук, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>