Абылгазиев укук коргоо жана көзөмөл органдарын сындады

Абылгазиев укук коргоо жана көзөмөл органдарын сындады

18-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо боюнча чараларды активдештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөнүн Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешме учурунда өкмөт башчы бизнести коргоо боюнча иштин учурдагы механизми жаңы чакырыктарга жооп бербей турганын айтып өттү.

“Коомдун эң прогрессивдүү бөлүгү деп эсептелген бизнес-коомчулук коргоого алынганын сезбей жатат жана укук бузуулардын тобокелчилигине көп кабылууда. Бул өлкөнүн инвестициялык климатына жана экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Бизнести коргоо маселеси Өкмөттүн ишинде кызыл менен белгиленип, ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат”, — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле  Абылгазиев бизнести коргоо жана ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында өз милдеттерин так аткарбай жатат деген мааниде укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын дарегине сын айтты.

«Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка көлөкө түшүрүп жатканы тууралуу билдирүүлөр келүүдө. Алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен Президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн максаттарына жетүүнү кайсы бир деңгээлде жымсалдоодо. Укук коргоо органдары ишмердүүлүгүнө терең анализ жүргүзүү, тобокелчиликтерди аныктоо жана өз катарынан коррупциялашкандардан тазалануусу керек», – деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилерине бизнести коргоо үчүн  жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп бере турган механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>