Site icon Reporter.kg

Абылгазиев жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги үч багытын белгиледи

Бүгүн, 26-июлда Кыргызстан жана Орусиянын жаш лидерлдеринин форуму өтүп жатат. Аталган форумга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.

Ал форумунда сөз сүйлөп, жаштар саясатын өнүктүрүүнүн үч негизги багытын белгиледи.

«Мен жаштар саясатын өзгөртүүнүн үч башкы багытын көрүп турам. Биринчиси — жаштардын заманбап дүйнөнүн экономикалык процесстерине активдүү катышуусу. Экинчи багыт – жаштардын жумушсуздук маселелерин чечүү. Үчүнчүдөн – бул албетте, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү», — деп белгиледи Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жана Орусия жаш лидерлер форумунун ачылышында өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев, ошондой эле эки мамлекеттин лидерлери сөз сүйлөштү.

Exit mobile version