Site icon Reporter.kg

«АЧК-11» долбоору: Дыйкандарга 2,7 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоору боюнча 1-июнга карата жарандарга 2 млрд 744 млн 231 миң сомго 6 миң 103 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 664 млн 865 миң сомго 1 миң 612 насыя берилген:

– «Айыл Банк» —  397 млн 390 миң сомго 934 насыя;

– «РСК Банк» — 267 млн 475 миң сомго 678 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча 2 млрд 79 млн 366 миң сомго 4 миң 491 насыя берилген.

– «Айыл Банк» — 942 млн 268 миң сомго 1 миң 983 насыя;

– «РСК Банк» — 1 млрд 137 млн 98 миң сомго 2 миң 508 насыя.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version