Ачыларына 15 мүнөт калган. Бишкекте түнкү стационар эсин жоготкон бейтапты кабыл алган эмес

Ачыларына 15 мүнөт калган. Бишкекте түнкү стационар эсин жоготкон бейтапты кабыл алган эмес

Бишкектеги “Консул” ресторанында ачылган түнкү стационарга саат 20:45те эсин жоготкон бейтапты алып келишсе, “эч нерсе даяр эмес, дарыгерлер жок” деп кабыл алышкан эмес. Окуянын видеосу “Сейчас KG” телеграм-каналына жүктөлдү.

Бир сааттан кийин, Бишкек шаарынын мэриясы, стационар штаттык режимде бейтаптарды кабыл алып жатат деп кабарлаган. Бирок эсин жоготкон бейтапты эмнеге кабыл албай койгондугун ачыктаган эмес.

Эске салсак, ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков стационарга барганда дарыгерлер бар болчу. Президент дарыгерлер менен баарлашып, алардын жасап жаткан эмгектерине ыраазычылык билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>