Site icon Reporter.kg

Адахан Мадумаров 11 журналистке чыккан соттун өкүмүн сынга алды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Адахан Мадумаров Temirov Live долбоорунун 11 журналистине Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган өкүмдү сынга алды.

Мадумаров: «соттун өкүмүн угуп катуу жийиркендим, жүрөгүм ооруду», — дейт.

Анын айтымында, кыргыз тарыхында айткан сөзү үчүн адамды абакка отургузган, өз көз карашы үчүн жазалаган окуя болгон эмес.

Адам өзүнүн ою, көз карашы менен адам экенин айткан Мадумаров, «эгер бул укуктарды адамдан тартып алсак, анын айбандан айырмасы эмне?» деген суроо салды.

Адахан Мадумаров азыркы бийликти сынга алып, алар өлкөдөгү сөз эркиндигине катуу сокку урганын билдирди.

«Акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине болгон кысымдар күндөн-күнгө күчөп, чындыктан корккон бийлик ооз ачкандарды темир торго камап, элди жапырт коркутуу жолуна түштү. Бул эмне деген бийлик, эмне деген жапайычылык? Бул эмне деген зулумдук? Ой жүгүртүүгө, сөз айтууга тыюу салуу — элди маңкурттукка алып келет! Бул улуттук өзгөчөлүгүбүздү, маданиятыбызды, тилибизди жок кылууга алып баруучу коркунучтуу жол! Кыргызстан — тилибиз, Манасыбыз, эпосубуз, дастандарыбыз менен даңкталып келген элбиз. Элибиз канчалык оор күндөрдү башынан кечирсе да, сөз эркиндигинен ажырабаган. Бир да бийлик буга чейин сөз эркиндигине мындай катуу сокку урган эмес», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live’да мурда-кийин иштеген 11 журналистке өкүм чыгарган. Temirov Live’дын директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле «Айт айт десе» долбоорундагы акын Азамат Ишенбеков 5 жылга абакка кесилген.

Temirov Live’дын журналисти Айке Бейшекеева менен «Алга Медианын» негиздөөчүсү, журналист Актилек Капаров 5 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, аларга 3 жылдык пробация берилген.

«ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек, «Нур прессте» иштеген Жоодар Бузумов, «Арча Медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев, «Айт айт десе» долбоорунда иштеген Сапар Акунбеков, Temirov Live’дын кызматкерлери Акылбек Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт) акталган.

11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбы коюлган.

Сот бийликти сындап жүргөн 11 журналистке өкүм чыгарды

Exit mobile version