Site icon Reporter.kg

Адахан Мадумаров парламенттин төрагасын депутаттарды бөлбөөгө чакырды   

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин төрагасы Талант Мамытовду депутаттарга бирдей мамиле кылууга үндөдү.

Мадумаровдун айтымында, төрага Мамытов фракциялардын лидерлерине жыйын өткөрүп, эки фракциянын лидерин чакырбай койгон.

“Эки, үч жолу фракциялардын жетекчилерин чогултуп, жыйын өткөрүптүрсүз. Сизге “Эмне үчүн “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ыйман Нуру” фракцияларынын лидерлери жок” деген суроо берилиптир. “Алар баары бир колдобойт” деген жоопту айтыптырсыз. Колдойбузбу же колдобойбузбу ал биздин жумуш. Ар бир фракцияны бөлгөнүңөр туура эмес. Сиз баарына бирдей мамиле кылууга милдеттүүсүз. Мен ушул жерде отурсам, башка фракциялардын лидерлерин чакырып кетип жатат. Эмне болгонун сурасам, төрага чакырганын жана “казино боюнча мыйзам долбоорун өткөрүп бергиле деп жатат” деп айтышты. Бул уят, теңсиздик, адилетсиздик”, — деди Мадумаров.

Өз кезегинде төрага Талант Мамытов бул сөздү ага ким айтканын сурап: “Атын так, даана айтыңыз”, — деди.

Мадумаров: “Жанар Акаев менен сүйлөшүп турсак, аны чакырып кетишти. Ал “сиз жүрбөйсүзбү?” деди. Кайда экенин сурасам, төрага чакырып жатканын айтты. Казино маселеси болсо керек деп жооп берди”, — деди.

Жыйында Жанар Акаев сөз алып: “Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок. Адахан Кимсанбаевич экөөбүз жакын отурабыз. Жардамчылардын бири келип, “сиздерди төрага чакырып жатат” деди. Мен барып келдим. Фракция лидерлеринин жыйыны бар экенин Адахан Кимсанбаевичке айттым. Ал “мени чакырган жок” деди. Ал эми Татан Мамытов казиного уруксат берүү мыйзамын колдоп бергиле деди деген сөз болгон жок”, — деди.

Жыйында кумар оюндары боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

Exit mobile version