Site icon Reporter.kg

Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү боюнча териштирүү иши башталды

17-декабрда Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфиринде президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун, бирок, анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ  Мадумаровдун штабы Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына алардын коопсуздугун карап бергиле деген билдирүү тушкөн эместигин билдирди.

«Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун  штабынан, же болбосо тарапкерлеринен үгүт иштерин Ысык-Көл облусунда кайсыл күндөрдүн аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзү  учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр, же болбосо ыраттамалар келип түшкөн эмес. Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркунучтар келип түшүп жатат деген маалымат боюнча да арыздар менен кайрылышкан эмес», — деп жазылат маалыматта.

Бирок, Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл ОИИБдин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүу реестрине катталып, териштирүү иштери башталды.

Exit mobile version