Адам өлтүрүүгө даярданып жаткан террордук топтун мүчөлөрү кармалды

Адам өлтүрүүгө даярданып жаткан террордук топтун мүчөлөрү кармалды

Эл аралык террордук уюмунун (ЭТУ) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-мартта адам өлтүрүүгө даярдануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, террордук иш-аракеттерге катышкан Кыргыз жарандары жана чет мамлекеттин жарандарынын бандиттик тобунун ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, Сирия аймагындагы Эл аралык террордук уюмдардын башчысынын координациялаган топтун иш-аракеттерин нейтралдаштырууда, алардын максаты коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин Кыргызстандын аймагында куралдуу жихадды жайгаштыруу болгону айтылат.

«Бандиттик топтун айрым мүчөлөрү ЭТУ лагерлеринде атайын күжүрмөн даярдыктан өтүшкөн. Жаранды диний негизде өлтүрүү үчүн колго жасалган жарылуучу зат жана ок атуучу куралды колдонуу менен ишке ашырылышын пландаштырышкан. Кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн түзүү жана тартуу боюнча иликтөө иш-чаралары уланууда», — деп кабарлашты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>