Site icon Reporter.kg

Адил, Бекболот. Садыр Жапаров президент болгондон бери кыялы ишке ашкан балдардын тизмеси

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери бир нече жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл алып, айрымдарына белектерди жиберүү менен келечек ээлеринин кыялдарын орундатууда.

Мындан улам, «Репортёр» өлкө башчысынын белектерин алган балдарды эсиңиздерге салып өтөт.

Президент 10-майда Адил Абдурахимов деген Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылынын тургунун кабыл алды.

Өлкө башчы Адилге уюлдук телефон, планшет, топ белек кылып, аягында ийгилик каалап, чек арада жашаган баланын “футбол интернатында окусам” деген кыялын ишке ашырууну убадалаган.

Мындан сырткары, Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова президентке кат жолдоп, улуттук музыкалык аспап белек кылууну суранган. Жазган катында ал өрүк комуз каалаарын белгилеген. 20-апрелде Садыр Жапаров ага комуз белек кылган.

Ошондой эле интернет жылдызына айланган кичинекей Бекболот Турдушевди президентке жолуксам деген тилегин ишке ашырып, аны 27-фераль күнү үйүнөн кабыл алып, чай үстүндө сүйлөшүп олтурушкан.

Садыр Жапаров 19-мартта Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шарттарын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканынан кабар алып, мекеменин тарбиячыларына балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгилеген.

Мамлекет башчысы ар кандай себептер менен Иракка кеткен Кыргызстандык жарандардын балдары бөтөн жерде согуштук аракеттердин кесепеттерин көрүп, аман-эсен кайтып келишкенин, ошондуктан өз мекенинде алар ар дайым баш калкалай аларын, камкордукка жана коргоого алынарын көрсөтүү зарыл экенин айткан.

Exit mobile version