Site icon Reporter.kg

Адилет Балтабай ооруканада, бүгүнкү соттук отурум болгон жок

Бүгүн, 3-ноябрда Чүйдүн Сокулук райондук сотундагы активист Адилет Балтабайдын иши боюнча процесс болгон жок.

Белгилүү болгондой, Чүйдүн Сокулук районунун пробация органы сотко активист Адилет Балтабайга буга чейин белгиленген 3 жылдык пробацияны жокко чыгарып, эркиндигинен ажыратуу жазасын колдонуу өтүнүчү менен кайрылган.

Активист 30-октябрда ооруканага жаткырылып, азыр да бейтапканада болгондуктан бүгүнкү отурумга келе алган жок. Ошондой эле Адилет Балтабайдын жактоочусу отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Жыйынтыгында сот процессти 10-ноябрга белгиледи.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

2023-жылы 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version