Site icon Reporter.kg

Адилет Балтабай ооруканага жаткырылгандыктан бүгүнкү соту болгон жок

Активист Адилет Балтабай ооруканага жаткырылганына байланыштуу бүгүн, 31-октябрда Чүйдүн Сокулук райондук сотундагы процесс болгон жок.

Мындан мурдараак Чүйдүн Сокулук районунун пробация органы активист Адилет Балтабайга буга чейин сот тарабынан белгиленген 3 жылдык пробацияны жокко чыгарып, эркиндигинен ажыратуу жазасын колдонуу өтүнүчү менен Сокулук райондук сотуна кайрылган. Соттук отурум 31-октябрга белгиленген.

Активист 30-октябрда Республикалык оорукананын Травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ага байланыштуу бүгүнкү отурумга келе алган жок. Активист келбегендиктен жактоочу судьяга соттук процессти башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди.

Сот өтүнүчтү канааттандырып, отурумду 3-ноябрга саат 09:30га белгиледи.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

2023-жылы 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version