Site icon Reporter.kg

Адилет Балтабайдын иши: Эксперт-лингвист суракта эмнелерди айтты?

Мамлекеттик эксперт-лингвист камактагы активист Адилет Балтабайдын социалдык тармактагы постунда массалык башаламандыктарга чакырыктар болбогонун билдирди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жактоочусу Нурбек Сыдыков маалымдады.

Анын айтымында, 22-сентябрда өткөн соттук отурумда лингвистика боюнча мамлекеттик эксперт жана башка күбөлөр суралган.

«Соттук жыйынга келген мамлекеттик эксперттер «массалык башаламандыкка чакырык болгон эмес» деп айтышты», — деди ал.

Ошондой эле жактоочу, алар өздөрү да көз карандысыз экспертиза жүргүзүп, корутундуда Адилет Балтабайдын постунда «массалык башаламандыкка чакырык жок» экени ырасталган. Ал корутунду кийинки процессте сотко тапшырылат.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, ага айыбы угузулган. Андан мурдараак ал коомчулукка кат жолдоп, күч структуралары сөз эркиндигине тоталитардык режимдин кысымын көрсөтүп жатканын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version