Site icon Reporter.kg

Адилет Камчыбеков Дубайдагы пара жеңил атлетика боюнча мелдеште коло утту

Адилет Камчыбеков Дубайда өткөн пара жеңил атлетика боюнча Дүйнө Гран-При мелдешинде байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 6-13-февраль күндөрү өтүп, ага 52 өлкөдөн 500 ашык спортчу катышкан.

Бул жарышта Адилет Камчыбеков коло байге уткан.

Exit mobile version