Административдик соттун жанында «Бүтүн Кыргызстан» партиясын колдогон митинг өтүп жатат — сүрөттөр

Административдик соттун жанында «Бүтүн Кыргызстан» партиясын колдогон митинг өтүп жатат — сүрөттөр

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы бүгүн, 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралып баштады. Ал эми административдик сотунун жанында аталган партияны колдогон митинг да өтүп жатат.

Бул жерде 300гө жакын адам бар. Милиция кызматкерлери тартипти сактап жатышат.

[su_image_carousel source=»media: 40123,40124,40125,40126″ crop=»none» autoplay=»4″]

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн 17 партиянын ичинен 15 партияны талапкер катары каттап, «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. 

Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>