Site icon Reporter.kg

Адвокат: Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай сотко катышат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай Кой-Таш окуясы боюнча 29-апрелде өтө турган сот отурумуна катышат. Бул тууралуу «Репортерго» жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Алмазбек Шаршеновичдин кан басымы буга чейин айтылып жаткандай дагы эле төмөн. Бирок ал ага карабай Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандарды колдоо үчүн сотко катышарын билдирди”, – деди Жоошев.

Кой-Таш окуясы боюна 27-апрелге белгиленген соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу 29-апрелге жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Exit mobile version