Site icon Reporter.kg

Адылбек Касымалиев Дубайга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапары менен болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиев Дубайда өтө турган Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышып, глобалдык таасирдин күчөшү темасында панелдик сессияда сөз сүйлөйт.

Саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү пландалууда.

Белгилей кетсек, «Келечектин өкмөттөрүн түзүү» темасына арналган Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчы, 80ден ашык эл аралык уюм, 100дөн ашык өкмөттүк делегация жана алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат.

Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланат.

Exit mobile version