Site icon Reporter.kg

Адылбек Касымалиев Казакстанга расмий сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиевди Астана шаарындагы эл аралык аэропортон коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы Олжас Бектенов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев президент Касым-Жомарт Токаев, кесиптеши Олжас Бектенов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Белгилей кетсек, Казакстан Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет элдик расмий сапар менен барган биринчи өлкө болду.

Exit mobile version