Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын борбору Душанбеге бир күндүк иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиевди аэропорттон Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев коңшу мамлекеттин премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулайт.
Ошондой эле Касымалиев Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине барат.