Аэропортко бара жаткан жолдо унаа сүзгөн велосипедчендердин экинчиси каза болду

Аэропортко бара жаткан жолдо унаа сүзгөн велосипедчендердин экинчиси каза болду

“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо унаа сүзгөн велосипедчендердин экинчиси каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол коопсуздук кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда жабырлануучу оор жаракаттарды алгандыктан эсине келбей каза болгон.

Ал эми жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу камакка алынган. Дарыгерлер ал мас абалында болгонун аныкташкан. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-июнда саат 10:20 чамасында “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо эки велосипедчен адамды автоунаа сүзүп кеткен. Алардын бири каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканага түшкөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>