Афганистанда өндүрүлгөн “героиндерди” ташыган канал аныкталды

Афганистанда өндүрүлгөн “героиндерди” ташыган канал аныкталды

Оор баңгизаттарды транзиттөөчү эл аралык канал аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, операциянын жыйынтыгында жогорку концентраттагы афган героининин партиясы алынган.

Буга чейин ИИМ кызматкерлерине 30-35 жаш чамаларындагы азият түспөлүндөгү жаран Тажикстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча 267-берененин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-апрелде жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында 20-апрелде Лейлек районунда Тажикстандын жараны,  эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү 36 жаштагы Х.М. баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган.

Шектүүнү кармоо учурунда сатууга дайындалган афган баңгизатынын партиясынын бардыгын табышкан. Соттук-химиялык экспертизалык изилдөөнүн корутундусунун негизинде табылып алынган зат 2 килограммды түзгөн Афганистанда өндүрүлгөн “героин” баңгизаты деп аныкталган.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү уланып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>