АФК кубогунун Бишкектеги оюндары качан өтөөрү айтылды

АФК кубогунун Бишкектеги оюндары качан өтөөрү айтылды

Футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычтагы оюндары Бишкек шаарында майдын 14нөн 20сына чейин өтөт. Мындай чечим Азия футбол конфедерациясынын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Бишкекте АФК Кубогунун Е тайпасындагы оюндар орун алат. Анда “Дордой” (Кыргызстан), “Ахал” (Түркмөнстан) жана “Равшан” (Тажикстан) командалары ойнойт.

Оюндар өтүүчү күндөр:

14-май (жума), 1-тур;
“Ахал” (Түркмөнстан) – “Равшан” (Тажикстан);

17-май (дүйшөмбү), 2-тур;
“Дордой” (Кыргызстан) – “Ахал” (Түркмөнстан);

20-май (бейшемби), 3-тур;
“Равшан” (Тажикстан) – “Дордой” (Кыргызстан).

Ал эми “Алай” командасы түшкөн F тобундагы оюндар Тажикстандын Дүшанбе шаарында өтүп, “Алай” (Кыргызстан), “Алтын Асыр” (Түркмөнстан), “Насаф” (Өзбекстан) жана Худжанд (Тажикстан) командалары беттешишет.

АФК кубогунун тайпалык баскычында жеңишке жеткен командалар 11чи жана 25-августта эки оюндан турган плей-ооф баскычында күч сынашат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>