Site icon Reporter.kg

Агартуу министри Эл аралык билим берүү конференциясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 26-27-июнда Женевада (Швейцария) өтүп жаткан Билим берүү жана технология боюнча министрлердин жыйынына катышууда.

Форум эки негизги сессияны камтыды. Биринчиси билим берүүнүн санариптик тенденцияларына арналып, анда эксперттер билим берүү процессине жаңы технологияларды киргизүүнү талкуулап, ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

“Экинчи сессия билим берүүнү санариптештирүү боюнча улуттук программаларды презентациялоо аянтчасы болуп калды – министр Д.Кендирбаева Кыргызстандын тажрыйбасы менен тааныштырып, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен тажрыйба алмашты”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Exit mobile version