Бишкекте Агартуу министрлиги менен Алабуга атайын экономикалык аймагынын (Россия Федерациясы) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Документ кесиптик-техникалык билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана «Алабуга» ЭЭАда кыргызстандыктарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Макулдашуунун алкагында КР Агартуу министрлиги «Алабуга старт» дуалдык программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.