Site icon Reporter.kg

Ахметов: Акжол Париждеги Олимпиадада медаль утуу үчүн баарын жасады

Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында медаль алуу үчүн баарын жасады. Бул тууралуу анын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов СПОРТ MIX берүүсүндө билдирди.

Ахметов алар да Париждеги мелдеште алтын алууну көздөгөнүн айтты.

«Акжол кээ бир жерде мурункудай эмес күрөшкөнүн, чарчаңкы болгонун баары көрдү, аны билем. Бирок ал медаль алуу үчүн баарын жасады. Ал нерсе да килемге чыгып, күрөшүп коюу дегендей оңой эмес. Ал (Акжол — ред.) кооз күрөш көрсөтөрүнө баары көңүп калган. Биз күткөндөй жыйынтык болбогону үчүн кечирим сурайм. Алтын утуп, кубандыралы деген чоң тилегибиз болгон. Бирок маңдайыбызга ушинтип жазылган экен. Аны Акжол да түшүнүп турат, мен да билип турам. Мындай болуп калганына таарынып, бизге ачууланбаңыздар. Бизге жан үрөп колдогон күйөрмандарды кубандыруу үчүн дайыма баарын жасайбыз. Биздин туубуз дүйнөлүк аренада желбиреп турушун каалайбыз. Муну мен гана эмес, бардык машыктыруучулар, спортчулар каалайт»,  — деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл Париждеги Олимпиада оюндарында грек-рим балбаны Акжол Махмудов коло байге утту. 2021-жылы Токиодогу Олимпиадада күмүш уткан. Андан тышкары ал эки жолу дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, күмүш байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону болуп, бир ирет күмүш уткан. Аны менен катар бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси болуп саналат.

Exit mobile version