Аида Исмаилова COVID-19 жана пневмониянын статистикасы эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрдү

Аида Исмаилова COVID-19 жана пневмониянын статистикасы эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрдү

COVID-19 жана пневмониянын статистикасы бир нече себептерден улам бириктирилгенин бүгүн, 20-июлда брифингде вице-премьер-министр Аида Исамаилова билдирди.

“2020-жылдын 17-июлунда Өкмөт COVID-19 жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүүгө өттү. Коронавирустук инфекциянын белгилерин дарылоо боюнча бирдиктүү мамиле иштеп чыгууда Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарып, ага ылайык, лабораториялык жактан тастыкталбаган, бирок клиникалык вирустук этиологиялык белгилери бар ооруканадан тышкаркы пневмония U07.2. кодуна тийиштүү, натыйжада, статистикалык жактан ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 бир көрүнүшү катары саналат”, — деп билдирди Исмаилова.

Анын айтымында көптөгөн өлкөлөрдө ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 боюнча жалпы статистикага киргизилбейт.

“Бирок биз бириктирүүдөн соң, COVID-19 каза болгондордун саны жогорулагандыгына карабастан, статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алдык. Бул маселе ар-кыл эксперттер менен ар-кандай деңгээлде бир нече ирет, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо кеңсесинин кызматкерлери менен талкууланды”, — деп кошумчалады ал.

Аида Исмаилова натыйжада статистика бир нече себептерден улам бириктирилгенин белгилеп кетти:

• Бул оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет.

• Ошондой эле эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк берет.

• Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>