Аида Исмаилова: Дарыгерлердин кошумча маянасы төлөнгөн

Аида Исмаилова: Дарыгерлердин кошумча маянасы төлөнгөн

Коронавирус жуккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы үч ай үчүн төлөнүп берилген. Эгерде кайсы бир кызматкерге кошумча акча тийбесе, бул үчүн ошол медициналык жайдын жетекчиси жооптуу.

Бул тууралуу 23-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, мамлекет кепилдеген айлык маяна үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүдө, коронавирус шартында иштегендерге кошумча акча да төлөндү:

«Биринчиден, кепилденген айлык маянаны төлөп берип жатабыз. Экинчиден, оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча төлөм март, апрель жана май айлары үчүн депозиттик эсептерине которуп бергенбиз. Стационарда иштеген факт түрүндөгү бир күн үчүн дарыгерлерге 2300 сом, орто медперсоналга 2000 сом жана кенже медперсоналга 1800 сом төлөнүп берилиши керек. График боюнча иштеген ар бир саат үчүн дарыгерлерге 100, орто медперсоналга 90, кенже медперсоналга 80 сом төлөнүп берилет. Ал эми “Тез жардам” кызматында иштегендерге оору жуккан ар бир бейтап үчүн доктурга 600, орто медперсоналга 500 жана кенже медперсоналга 400 сом каралган».

Оору жуккандардын 604ү медицина кызматкерлери, алардын экөө каза тапкан.

Өкмөттүн чечимине ылайык, илдет жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилери айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>