Site icon Reporter.kg

Аида Касымалиева: Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү зарыл

«Бүгүнкү күндө республиканын мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калууга болбойт. Анын жыйынтыктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү зарыл»,- деп белгиледи бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева «Парламенттик көзөмөл: Баалоо коомдук кызыкчылыктарды эсепке алуунун куралы катары» темасында парламенттик угуунун жүрүшүндө.

Вице-спикер республиканын мыйзамдарынын аткарылышы чөйрөсүндө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарында бул багытта иштерди күчтөндүрүү зарылдыгы ачык болгондугун баса белгиледи.

«Бүгүн, парламенттик угуунун алкагында биз эксперттер жана жарандык коомчулук менен биргеликте бул маселелерди талкуулоого чогулуп отурабыз»,- дейт ал.

Exit mobile version