Аида Касымалиева: Шалаакылыгыңардан силердин ишиңерди чабан аткарып койду

Аида Касымалиева: Шалаакылыгыңардан силердин ишиңерди чабан аткарып койду

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында маселе каралууда. Жыйында Ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган орган кызматкерлери депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Анда вице-спикер Аида Касымалиева ИИМге бул акыбалга келгенге кайсы жерде эмне иштебей жатат?

Улан Ниязалиев 5-апрелден 8-апрелге чейин иш-чарада жүргөнүн айтып, буларга токтолду: «Кечээ күнү келип эле болгон окуяга түнү менен кириштим. Бүгүнкү күндө эки кылмышкер кармалды, үчүнчүсү такталууда. Бул окуяга бардыгыбыз башкача көз карашта иштеп баштадык. Кичине мүчүлүштүктөр кетти, кийинкиде муну жойгонго аракет кылабыз.

Депутат Айзада Канатбекованын апасына «ачуу базар келет, күйөө балалуу болосуңар» деп кайсы кызматкер айтканын сурады.

Ички иштер министри ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Касымалиева милициянын ишин чабан жасап койгонун айтты.

«Сиздер бир ай тактайсыңарбы? Силердин жумушуңарды журналисттер тактап койду. Силердин жумушуңарды чабан дагы жасап койду. Кызматкердин аты-жөнүн айткыла. Маалымат каражаттарында жазылып турат, азыр айткыла», — деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>