Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чеийин камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн, 5-июлда кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.
21-июнда Биринчи Май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.