Site icon Reporter.kg

Аида Салянова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту  райондук соттун чечимин күчүндө калтырып,  мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чеийин камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн, 5-июлда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып,  26-июнга чейин камакка алынган.

21-июнда Биринчи Май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Exit mobile version