Аида Салянованын соттук иши жаңыдан кароого жөнөтүлдү

Аида Салянованын соттук иши жаңыдан кароого жөнөтүлдү

Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча чечимди жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта Жогорку сотто отурум болгон. Сот отурумунда жактоочу Садыкованын соттолуучу Аида Салянованын кызыкчылыгы үчүн берген өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун чечимдери жана Жогорку сотунун токтому жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартып бергенге айыптап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылган. Сот аны кызы 14 жашка чыкканга чейин 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>