Айбар Султангазиев: 10 күндөн кийин өлүм-житим кескин көбөйөт

Айбар Султангазиев: 10 күндөн кийин өлүм-житим кескин көбөйөт

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан катталган. Алардын баары 13-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келишкен. Мындан көп өтпөй коңшу өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда дагы өзгөчө абал киргизилген. 18-марттан 31-майга чейин коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1748 учурга жеткен. Бирок июнь айында кырдаал кескин өзгөрүп, 1-июндан 28-июнга чейин 3000 миң жаңы учур катталды.  Так ушул бир ай аралыгында 31 адам коронавирустан кайтыш болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча илдет эң көп катталган аймак Бишкек шаары — 1877 учур.

Бирок медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев, көрсөткүч мындан 10-20 эсе көп экендигин “Репортер” менен болгон маектешүү учурунда айтып берди.

“Кырдаал көзөмөлдөн чыккан. Текшерүүдөн өтүү кыйын. Ооруканалардагы койкалар бир нече саатта толуп, орун жок. Менимче дарылардын дагы запасы түгөндү.  Дарылоо алгоритмдери өзгөргөн жок, ПЦР анализдердин жыйынтыгына гана таянышууда, бирок алар ишенимсиз. Томографиянын жыйынтыктарына ишенишибиз керек эле, бирок мамлекеттик ооруканаларда томограф жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинде эч ким деле калган жок, айрымдары ооруп жатат, айрымдары жумушун таштоого аргасыз. Жакында коронавируска чалдыккандарды дарылаган дарыгерлер калбай калат. Айрымдары аз акча үчүн өз өмүрүн тобокелге салышпайт”, ­– деди Айбар Султанбаев.

Эксперттин пикиринде, алдыдагы күндөрү абал мындан дагы начарлашы мүмкүн.

“7-10 күндөн кийин бизде өлүм-житимдер мындан дагы көбөйөт. Вирус медицинанын мүмкүнчүлүгү аз аймактарда жайыла баштайт. Чиновниктердин сөздөрү 100% жалган болот.  Июль-август айында өлкө эң оор учурга туш болот. Андан соң гана бир аз төмөндөө байкалат, бирок айрым жерлерде катталып турат”, ­– дейт эксперт.

Муну менен бирге ал бийлик жетекчилерине сунуш айтып, ПЦР-тесттерди сатып алуу жана томографтарды орнотуу үчүн буджеттин чыгашаларын дагы бир жолу карап чыгууну эскертет.

“Дарылоо протоколун өзгөртүп, вируска каршы каражаттарды кошуу, дары-дармек сатып алуу, ооруканаларга орундук даярдоо, дарыгерлердин эмгек акысын көбөйтүү иштерине көңүл буруу керек. Жалган айтууну токтотуп, өлкөдөгү көзөмөлдөн чыккан кырдаалды моюндоо зарыл. Оорулуулардын үйүнө бара турган мобилдик топторду түзүп, 65 жаштан ашкан адамды үйдөн чыгууга тыюу салуу зарыл. Аларды көзөмөлдөө жана  туугандары менен байланыштырбоо керек. Ошондой эле олуттуу өнөкөт оорулары барлардын кыймылына чектөө коюуга тийишпиз. Аларга жардам берүү үчүн коомчулуктан атайын топторду түзүү керек”, ­– деди Султангазиев.

Кыргызстанда соңку учурларда коронавирус күн сайын 200дөн ашык адамдын анализинен табылууда. Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө 4 миң 513 адам коронавируска чалдыкты.  Алардын  ичинен 2 миң 242 адам илдеттен айыкса, 47 бейтап кайтыш болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>