Site icon Reporter.kg

«Айдан фарма» фармацевтикалык заводу мамлекетке кайтарылды

«Айдан фарма» ЖАК фармацевтикалык заводу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүн, 2-декабрда министр Алымкадыр Бейшеналиев ишканага барып, анын иши менен таанышкан. Анын айтымында, учурда завод 95%дык медициналык этил спиртин чыгарат. Жакынкы мезгилде ал жакта 50 аталышта дары чыгаруу пландалууда.

«Дары-дармектердин 90%дан ашыгы Кыргызстанга импорттолот. Өзүбүздүн дары-дармек, медициналык буюмдардын өндүрүшүн өнүктүрүү керек», — дейт Бейшеналиев.

Мамлекетке өткөн ишканага Өмүрбек Асанов директор болуп дайындалган.

Exit mobile version