Айдар Акаевдин сөөгү каякка, качан коюлары белгилүү болду

Айдар Акаевдин сөөгү каякка, качан коюлары белгилүү болду

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 8-февралда Москвада жерге берилет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Ишенимдүү маалымат булактардын билдирүүсү боюнча Айдар 5-февраль күнү түштөн кийин каза тапкан.

Айдар Акаев 20-февралда 44 жашка чыкмак. Ал Москвада ишкерлик менен алектенчү. Анын артында жубайы, эки баласы калды.

Белгилей кетсек, Аскар Акаевдин 4 баласы бар – Бермет, Айдар, Саадат жана Илим.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>