Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу маркум Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы “Зеленая Лощина” поселогундагы элиталык үйлөрдүн биринен табылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Айдар Акаев 5-февралда Москвада жүрөгү кармап каза болгону маалымдалган. Ал бир жумадан кийин – 10-февралда 44 жашка чыкмак.
Анын сөөгү кечээ, 7-февралда Москвада жерге берилди. Айдар Акаевдин артында жубайы жана эки баласы калды.