Site icon Reporter.kg

Айдарбеков камоолор тууралуу: Маңкурт болбой, адам бололу

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылар боюнча оюн билдирди.

Парламенттин бүгүнкү отурумуна ИИМ, Башкы прокуратура жана Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү маалымат берүү үчүн келген. Жыйында сөз алган Айдарбеков активисттердин камалышын сынга алды.

«Жарандык коомго көрүлгөн чаралар орой болду. Мындай кырдаал тарыхта болгон эмес. Жарандык коом конкреттүү маселелер боюнча бийликтин чечимдерине каршылыкты кандай жол менен көрсөтө алат? (Сиздер — ред.) Көрсөткөн позицияңар боюнча тынч чогулуштарды өткөрбөш керек экен. Анда жарандарыбызга чогулбагыла, унчукпай отургула, сөз эркиндиги бүттү деп айткыла. Жарандарыбызды сот чечими жок камадыңар. Аудиожазууларга экспертиза керек эле. Жаза-процессуалдык кодекс бузулду», — деди ал.

Айдарбеков камакка алынгандар мамлекет үчүн күйгөн инсандар экенин белгиледи.

«Алар элдин уул-кыздары. Эркин коом, адам укуктары үчүн өз убагында өмүр бою күрөшкөн. Сиздер токтотушуңуздар керек. Биз мамлекетибизди өнүктүрүшүбуз кажет. Эркин коомдо өнүгүү болот. Биздин элибиздин мүдөөсү, каалоосу башка. Биз эркин коомдо жашашыбыз керек. Жаңыча, башкача жашабайлыбы. Биздин атактуу замандашыбыз «адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» деп айткан. Маңкурт болбой, адам бололу», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыйырмадан ашык активист жана саясатчы «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынган. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version