Site icon Reporter.kg

Айдарбеков: Документтер боюнча Кемпир-Абад Кыргызстандыкы

Тарыхый документтер боюнча Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандыкы. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков аны Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алуу маселе каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өткөрүлүп берилгени тууралуу бир да кагаз жок.

«Мен баарын регламенттин негизинде (10-октябрдагы комитеттин жыйынын – ред.) алып бардым. Бизге кагаздар туура эмес берилип, сабатсыздык болду. Аны кечээ күнү билдиргем. Кагаздар жок болгонуна депутаттар да күбө болушту. Кагаздарды эмнеге беришкен жок? Кечээ күнү ушул кагаздарды көрдүм. Азыр көп нерсени жарыя кыла албайм. Бул боюнча андан кийин депутаттардын ар бирине маалымат берем. Бирок тарыхый кагаздарга карасак, ушул суу сактагыч Кыргызстандыкы. Биз (Өзбекстанга – ред.) өткөрүп бергенибиз тууралуу бир да кагаз жок», — деди ал.

Белгилей кетсек, көпчүлүк депутаттардын чечими менен Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынды. Чечимди 43 депутат колдоп, 16сы каршы экенин билдирди. Айдарбековду аталган кызматтан алуу маселеси парламенттеги 4 фракциянын чечиминин негизинде каралды.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүнү караштырган кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койбогону үчүн төрагалыктан алынды. Ал комитеттин чечимине кол койбогонунун себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген. Анын айтымында, суу сактагычтын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу 1965-жылы эле чечим бар болгон.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген.

Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version