Site icon Reporter.kg

Айдоочулар көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшкөнүнө нааразы (ВИДЕО)

уголь

Социалдык тармактарда Кара-Кече көмүр кенинде айдоочулардын Бишкектеги көмүрдүн баасынын 3 миң сомго түшүп калганынан нааразы болгон видео тарады.

Ал видеодо ондон ашык айдоочу бир жерге топтошуп алып, унаанын тетиктеринин жана күйүүчү майдын кымбаттап кеткенин жүйө келтиришкен. Ошондой эле Кара-Кечеде көмүр сатып алууда ирээтсиздикти айтышкан.

Бүгүнтөн тарта бийлик Бишкек шаарында бир базада көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон сата баштады.

Exit mobile version