Site icon Reporter.kg

«Айдоочулук күбөлүк алып берем»- деп акча топтоп жүргөн киши кармалды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жанынан белгисиз жаран, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга жардам берем деп, автомектептердин ар бир курсанттарынан 5000 сом акча каражаттарын алып,  убадасын аткарбай изин жазгырып кеткендиги жөнүндө маалымат Каракол шаардык милицияга кабарланган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ага  «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан, кылмышка шектүү катары кармалган Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж. алдамчылыктын беш учуруна катыштыгы бар экенин аныкташты.

Учурда, шектүүнүн башка ушундай кылмыштарга бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Каракол милициясы  шектүүдөн жабыркаган жарандарды, 0700498494 телефонуна, же 102 кызматына кайрылуусун суранышат.

Exit mobile version