Айеркен Саймаити менен Муфтий Максат ажынын чогу түшкөн сүрөтү жарыяланды

Айеркен Саймаити менен Муфтий Максат ажынын чогу түшкөн сүрөтү жарыяланды

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Жумановдун бирге түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланды.

Аны журналист Тынчтык Алтымышев фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Сүрөт качан жана кайсы жерде тартылганы тууралуу маалымат жок. Бирок муфтий менен Саймаитинин ак сүннөт кийимчен турганына караганда сүрөт Мекке шаарында тартылган болушу мүмкүн.

Азырынча Муфтий Максат ажыга байланышып, сүрөттүн чоо жайы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. 12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Түкиялык басылмалар кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экендигин жазып чыккан.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү “Range Rover” үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды. 14-ноябрда экс-консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн тузүлгөн  мекемелер аралык жумушчу топ Стамбулга учуп кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>