Акыркы мезгилде коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттарынын кызматтык унаа боюнча сунушу кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк эл депутаттар кызматтык унаага муктаж эмес деген пикирлерин айтып чыкты. Деги эле депутаттардын көшөгө артындагы жашоосу, жумушундагы оош-кыйыш учурлар боюнча эл өкүлү Айгүл Айдарова менен баарлаштык.
— Депутаттардын кызматтык унаа тууралуу сунушуна кандай түшүндүрмө берет элеңиз?
— Саламатсыздарбы. Ооба, бул коомчулукта өтө талкууга алынган маселелердин бири болду. Мен башка кесиптештерим үчүн жооп бере албаймын, бирок жеке мага кызматтык унаа керек. Иш сапарга, жумуштун негизинде көп жерге барабыз. Сөссүз жакындарымдын унаасын же такси кызматын колдончумун. Ошондуктан мен кызматтык унаага муктажмын.
— Ал эми мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алгандыңыз тууралуу да ар түрдүү пикирлер айтылууда. Чынында көшөгө артын көпчүлүк биле бербейт эмеспи. Чын эле үйүңүз жокпу, МИКтин батирин канча жыл күттүңүз?
— Мамлекеттик ипотекалык үйлөргө мамлекеттик кызматкер катары мен эң алгачкылардан болуп катталгам. Керектүү документтерди эреже менен туура, так толтурсаң эле ал жактан маселе жаралбайт. Менин өз үйүм жок. Эки өспүрүм курактагы балдарым менен ата-энемдин үйүндө жашагам.
— Парламенттин азыркы чакырылышындагы көрүнүктүү депутат айымдардын бирисиз ишиңиздин оор жактарын айтып берсеңиз?
— Аял болуп калганыбыз үчүн оор түйшүгү байкалат. Биздин коомдо аял үйдө отуруп, үнүн, талабын бийик көтөрүп айтпаш керек деген түшүнүк дагы делебар. Демократиялуу мамлекет болгон соң бир маселеге каттуураак басым жасап койсоң түрдүү басынтууларга алат. Анын 90% мырзалар кысымга алып, социалдык тармактарда комментарий калтырышат. Албетте бул оор жүктү аркалап өйдө-ылдый болуп жүрүп бышасың. Үйдө эне, кожейке сыртта элдин жүгү менен басуу бул оор албетте. Кудайга шүгүр баарына чыдаса болот.
— Эл арасында депутаттар бай деген түшүнүк калыптанып калган. Сиз дагы байсызбы?
— Кудайга миң ирет шүгүр баймын. Жакындарым, ата-энем, бир туугандарым аман. Колдогон элим бар. Алты мүчөм аман, ден-соолугум бекем. Материалдык жактан бай болбосом да, элдин амандыгы, өлкөбүздүн тынчтыгы да байлык. Калган муктаждыктарды тирүүлүктө тапсак болот.
— Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү мырзалар. Жумуш боюнча түшүнбөстүк жаралбайбы? Мырзалар менен иштешүү кандай?
— Менин мүнөзүмдү деле байкап калдыңар болуш керек. Кесибим милицияда тергөөчү болуп иштегем. Жумушта 80% пайыз мырзалар менен иштегендиктен тил табышуу маселе жаратпайт. Ачык, тарс эле бетке айткан мүнөзүмдү туура кабыл алышат. Негизи эле оюма келсе ачык эле айтам, жаап-жашырып, сыйпалап айткан менин мүнөзүм эмес.
— Депутаттыка чейинки басып өткөн жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз?
— Депуттаттыка чейин жогоруда айткандай тергөө кызматында 12 жыл иштегенмин.Үйдө кадикидей эле апамын, кожойкемин. Балдардын кем-каржысын толуктап, тамак даярдап дегендей. Идеалдуумун деп айта албаймын. Бирок, үйдө колдон келишинче жакшы апа болгонго аракет кылып жатам.
— Кыргызстан Баткенден башталат дейбиз, бүгүнкү күндө Баткенде кандай көйгөйлөр бар?
— Албетте Кыргызстандын төрт көзү Баткенибизде болуп эң чоң маселе чек ара болуп турганда башка маселелер анча козголбойт эле. Элдин эң чоң тилеги чек ара такталса, согуш болбосо деп турчу. Кудайга шүгүр баары артта калды. Чекара такталып бул маселеге чекит койулду. Эми өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса Баткенди өнүктүрүүгө көп шарттар түзүлөт. Азырынча эң көйгөйлүү маселелер таза суу, медицина, жаңы мектептерди куруу болуп жатат. Эл өкүлү катары мына ушул маселелерди чечкенге жан үрөп келем.
— Ачык, бетке айткан айымдын ата-энеси тууралуу билгим келип жатат?
— Ата-энем кесиби боюнча мугалим. Кезинде Баткенде көптөгөн окуучуларга сабак берген. Турмуш шартка байланыштуу кийинчерээк борборго көчүп келгенбиз. Азыр үйдө небере тарбиялап, бизге дем-күч берип жүрүшөт.