Президенттин жубайы Айгүл Жапарова Улан-Батор шаарында Монголиянын өлкө башчысынын аялы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Алар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Айгүл Жапарова Улан-Батордо “Жашыл келечек жолунда” аттуу бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышууда.