Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда инвестиция көбүрөөк жумшалган аймак аталды

Кыргызстандын аймактарында учурда ар кандай этаптарда 2 млрд 190 млн 927 миң АКШ долларын түзгөн 140 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу 17-мартта Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында,  каржылоо булактары болуп аймактарды өнүктүрүү фонддору, тике инвестициялар жана ички инвестициялар эсептелет.

«Анын ичинен 117 долбоор өнөр жай тармагында, 11 долбоор энергетика тармагында, 12 долбоор айыл чарба тармагында. Акыркы беш жылда Улуттук агенттик 165,7 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды», — деди Н.Баясов.

Талкууда депутат Чолпон Султанбекова мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Ага баяндамачы 2021-жылы тартылган инвестициянын көлөмү 14 млн АКШ долларын, ал эми 2022-жылы 353 млн АКШ долларын түзөрүн маалымдады.

Мындан тышкары депутат Нурбек Сыдыгалиев аймактар боюнча тартылган инвестициялардын көлөмүнө кызыкты.

Нурадил Баясовдун айтымында, долбоорлордун басымдуу бөлүгү Чүй облусунда – 65 долбоор, 17 долбоор Баткен облусунда, 15 долбоор Ошто, 14 долбоор Жалал-Абадда, 12 долбоор Ысык-Көлдө, 8ден Бишкек жана Ошто, 6 долбоор Нарын облусунда, 3 долбоор — Талас облусунда ишке ашырылууда.

Депутат Марат Мураталиев Талас облусунда инвестициялык долбоорлор эң аз экенин белгилеп, бул жаатта инвестиция тартуу иштерин күчөтүүнү сунуштаса, депутат Миргүл Темирбаева аталган мекеменин Баткен облусу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолоруна түшундүрмө алды.

«2022-жылы өнөр жай тармагына 5 млн 334 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган. Башка аймактарга инвестициялык паспорттор даяр», — деп жооп берди баяндамачы Н.Баясов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version