«Айнура салам, балдарды өөп кой». Сегизбаевдин убактылуу кармоочу жайдан үй бүлөсүнө жазган каты жарыяланды

«Айнура салам, балдарды өөп кой». Сегизбаевдин убактылуу кармоочу жайдан үй бүлөсүнө жазган каты жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин убактылуу кармоочу жайдан жазылган каты өзүнүн «Фейсбуктагы»  баракчасына жарыяланды.

Ал катында балдарына жана жубайына салам жолдогон

«Салам, Айнура! Бардыгына салам айт. Сарсанаа болбогула. Баары Кудайдын колунда. Балдарды өөп кой. Баарыңарды жакшы көрөм. Баары өтүп кетет, башыңарды бийик көтөргүлө», — деп жазган.

Белгилей кетсек, кечээ, Абдил Сегизбаев камакка алынган. Ал «Белизгейт” окуясы боюнча кармалган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда. Буга чейин Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев жайыт жерлерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп кылмыш ишин козгогон болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>