Айнуру Алтыбава: Кара-Суу шаарындагы канализация элдин агымын көтөрө албай калды

Айнуру Алтыбава: Кара-Суу шаарындагы канализация элдин агымын көтөрө албай калды

Кара-Суу шаарында бир катар социалдык объектилердин курулушу создугуп жатат. Алардын арасында мектептер да бар. Өкмөт ошондой курулуштарды көзөмөлгө алып, тезинен бүткөрүү жаатында чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-0ктябрда депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Айрыкча Кара-Суу шаарынын эбак эле эскирип калган канализациясын калыбына келтирүүгө көңүл бурулушу керек. Анткени, ал калаада ири базар орун алгандыктан, келим-кетим өтө көп. Шаар айланасында жашаган жергиликтүү тургундардан тышкары, Өзбекстандан да күн сайын он миңдеген адамдар келет. Алардын агымын шаардын канализациясы көтөрө албай калды», — деди депутат.

Депутат Кара-Суу шаарынын канализациясын калыбына келтирүү сметасы 2014-жылы эле иштелип чыгып, чыгымы такталганын, бирок ушул кезге чейин каржыланбай келатканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>