Site icon Reporter.kg

Айпери Медет кызы Албаниядагы турнирде жарым финалга чыкты

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Айпери Медет кызы Албанияда өтүп жаткан рейтингдик турнирде жарым финалга чыкты. Ал бүгүн, 1-мартта турнирде 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.

Кыргызстандык балбан 1/8 финалдык баскычтан баштап, кытайлык спортчуну мөөнөтүнөн мурда 1:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда Медет кызы италиялык балбандан күчтүү болуп, аны 9:0 эсебинде утту.

Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда украиналык спортчу Анастасия Алпеева менен беттешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version