Site icon Reporter.kg

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш федерациясынын (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи.

Жаңыланган рейтинг Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону аталды.

Турнирдеги жеңиш үчүн кыргызстандык 10 000 упай алып,  айырмачылыкты жоюп, 2-орунду камсыздады.

Exit mobile version